Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстанга келет

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, дзюдо федерациясынын президенти менен делегациясы болуп, Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи да келет.

Алардын Кыргызстанга келүүсүнүн максаты — Борбор Азиядагы дзюдонун өнүгүшү жана 2021-жылы Кыргызстанда өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын жана Кыргыз дзюдо академиясында ачылышына катышуу болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, делегация Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин чакыруусу негизинде келгени жатышат.

Эл аралык дзюдо федерациясы (International Judo Federation, IJF) 1951-жылы түзүлгөн. Учурда федерациянын башкы кеңсеси Венгриянын Будапешт шаарында жайгашкан.