Эл аралык күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарованы тарых жаратуучу деп атады

Бириккен күрөш дүйнөсү Мээрим Жуманазарованы тарых жаратуу деп атады. Бул тууралуу уюмдун Инстаграмдагы расмий баракчасына чыкты.

«Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмактагы балбандар арасында коло байге утту. Муну менен ал кыргыз спортунун тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды», — деп айтылат постто.