Эмил Молдодосов оор атлетика боюнча Азия чемпиондукта күмүш медаль жеңди

Кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов Кореяда өтүп жаткан оор атлетика боюнча чемпиондукта күмүш медаль жеңди.

Ал 10-майда 89 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынады. Бул салмак категорияда жалпы 16 спортчу болгон.

5-13-май күндөрү Корея Республикасында оор атлетика боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Чемпиондукка 40 өлкөдөн 260 ашуун спортчу катышууда. Азия чемпиондугуна Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышууда.