Эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы (U-23) Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы (U-23) Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өткөн Азия чемпионатында 5 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 4 коло) утту.
Алтын медаль ээcи:
86 килограмм Мухаммад Абдуллаев.
Күмүш медалдын ээси:
70 килограмм Адис Рахат уулу;
Коло медалдын ээлери:
57 килограмм Мухаммадрасул Салиев;
65 килограмм Рустамжан Кахаров;
79 килограмм Байтемир Түлөбердиев;
92 килограмм Улукбек Сооронбеков.
Курама команда улук машыктыруучу Ильгиз Жакыпбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.