Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатында жалпы 5 медаль жеңди

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда 23-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында 5 медаль жеңди — 1 күмүш, 4 коло. Жалпы 10 комплект медаль ойнотулду.
70 килограмм салмак категорияда Эрназар Акматалиев күмүш медаль жана 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков, 61 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков, 74 килограмм салмакта Исламбек Орозбеков, 79 килограмм салмакта Арсалан Будажапов коло медалдын ээси болушту.
Спортчулар улук машыктыруучу Русланбек Маджинов жана башкы машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды уулунун жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.