Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди (видео)

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 20-сентябрда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы келди. Курама команданы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосту.

Алгач спортчулар Баткендеги шейит кеткен жоокерлерге куран окуп, алардын мекен үчүн кылган эрдигин эскеришти. Учурдагы кырдаалдан улам атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.