Эркин күрөш (U-20): Адилет Акылбеков дүйнө чемпионатында финалга чыкты

74 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Адилет Акылбеков италиялык Рауль Касону 4:2 эсебинде жеңип, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Кыргызстандык балбан алтын медаль үчүн болгон таймашта Орусиянын атынан беттешкен Исмаил Ханиев менен күрөшөт. 20 жашка чейинки спортчулар үчүн уюштурулган турнир бүгүн, 17-августта Болгариянын Самоков шаарында старт алды.
74 килограмм салмак категориясындагы финалдык таймаш эртең, 18-августта өтөт.