Бүгүн, 18-августта алтын медаль үчүн болгон таймашта кыргызстандык балбан орусиялык спортчу менен беттешти. Финалда атаандашына жеңилип, жыйынтыгында 2-орунду алып, күмүш медаль тагынды.
Адилет Акылбеков Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча 74 кг салмактык категорияда күч сынашты. Муну менен Адилет Акылбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан үчүнчү кыргызстандык эркин күрөшчү болуп калды. Ага чейин финалга чыккан балбандар – Уларбек Тууганбай уулу (1997-жылы) жана Хуршид Парпиев (2016-жылы) болгон.