Эркин күрөш (U-20): Кыргызстандык 4 балбан өлкө намысын коргойт

Бүгүн, 17-августта Болгариянын Самоков шаарында жаштар арасындагы (U-20) спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат.

Алгач килемге эркин күрөш боюнча 70 килограмм, 74 килограмм, 97 килограмм жана 125 килограмм салмактык категориядагы балбандар чыгат. Алар Залкарбек Табалдиев (70 килограмм), Адилет Акылбеков (74 килограмм), Айтеңир Максатов (97 килограмм), Жаргалан Будажапов (125 килограмм).

U-20 эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Алмазбек Аскаров.