Эрлан Шеров — “Ljubljana European Open-2026” мелдешинин жеңүүчүсү болду

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Словениянын борбору — Любляна шаарында өткөн Ljubljana European Open-2026 ачык Европа Кубогунда алтын медаль жеңди. Мелдештер 14-15-февраль күндөрү болуп өттү.
Турнирге 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты. 90 кг чейинки салмак категориясында Эрлан Шеров бардык атаандаштарын ишенимдүү жеңип, ал чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча биринчи айлампаны өткөрүп, 1/16 финалда бельгиялык Карл Фубертти,1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти, чейрек финалда франциялык Эниэль Кэролини, жарым финалда египеттик Абдалла Абдельсамейдини жеңди. Ал эми финалдык беттеште россиялык Давид Карапетянды утуп, мелдештин чемпиону аталды.
Аталган мелдеште Кыргызстандын атынан үч спортчу катышты. Алар: Эрбол Абасбеков (66 кг чейин), Ханболот Ырысбеков (66 кг чейин) жана Эрлан Шеров (90 кг чейин). Курама команданы башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимов жана улук машыктыруучу Азат Кубакаев жетектеди.