Эрлан Шеров Олимпиада оюндарындагы беттешин жыйынтыктады

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Олимпиада оюндарындагы беттешин жыйынтыктады.

Ал бүгүн, 31-июлда турнирди 1/6 финалдан баштап, биринчи атаандашы болгон кубалык балбан Иван Фелипе Силва Моралести жеңген. Ал эми 1/8 финалда испаниялык атаандашына жеңилип калды. Ошентип спортчунун Олимпиада оюндарындагы беттеши жыйынтыкталды.