Эрлан Шеровдун машыктыруучусу анын үйлөнө турганын айтты

Дзюдочу Эрлан Шеров үйлөнүүнү пландап жатканын, сүйлөшкөн кызы бар экенин машыктыруучусу Абдужалил Юнусов АКИpress агенттигине комментарий берип жатып билдирди.

Париждеги Олимпиадада Кыргызстандан эки дзюдочу күч сынашты. Кубанычбек Айбек уулу биринчи кармашта жеңилсе, Эрлан Шеров жеңиш менен баштап, экинчисинде жеңилип калды. Кийинки оюндар 2028-жылы Лос-Анжелесте өтөт.

Юнусов кошумчалагандай, үй-бүлө машыгууга жана кийинки Олимпиадага даярдыкка тоскоол болбойт. «Тескерисинче, Кудай буйруса, акылдуу кыз болсо, натыйжасы жогору жана жакшы болот. Мунун баары спортчунун тандоосуна жараша болот», — деди ал.

Абдужалил Юнусов Эрлан быйыл же кийинки жылы үйлөнөрүн так билбей турганын айтты.