Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу АКШда өткөн Дүйнө кубогунда коло алышты

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу 10-11-декабрь күндөрү АКШнын Коралвилл шаарында өткөн Дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчулар Дүйнөнүн алдыңкы спортчуларынан турган курама команда менен чыгышкан. «Алгач курама команда Япониянын балбандарын 9:1 эсебинде жеңди. Экинчи айлампада ирандык балбандар менен күч сынашып, 4:6 эсебинде жеңилишти. Ал эми коло байге үчүн күрөштө Грузиянын курама командасы менен беттеш өткөрүп, 8:2 эсеби менен жеңүүчү болушту», — деп айтылат маалыматта.