Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын коло медалын утту

70kg FS - Ernazar Kubatbekovich Akmataliev (KGZ)

Бүгүн, 11-апрелде Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Ал 70 кг чейинки салмакта беттешин 10-апрелде чейрек финалдан баштаган. Анда жапон балбаны Таичи Нарукини 12:9 эсебинде артта калтырган. Тилекке каршы жарым финалдык баскычта индиялык Абхиманьюга 3:6 эсебинде утулуп калган. Үчүнчү орун үчүн беттешинде Кытай балбаны Симинг Вонгду 14:7 эсебинде артта калтырып, коло медалдын ээси болду.