Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалын жеңип алды.
Ал 70 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/4 финалдан баштады. Акматалиев катары менен эки жеңишке жетип, финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө ага япониялык спортчу атаандаш болуп, андан жеңилип калды.