Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.

Акматалиев беттешин 1/16 финалдан баштап, Шри-Ланканын өкүлүн утуп алган. 1/8 финалда кыргызстандык Армениянын балбанын 11:2 эсебинде жеңди. Ирандык Эрфан Мохаммад Элахи чейрек финалда кыргызстандыктын атаандашы болду. Беттеште Акматалиев жеңишти тартып алып, жарым финалга чыкты. Анын финалга чыгуу үчүн күрөштө атаандашы орусиялык Евгений Жербаев болмокчу.