Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмак категориясында Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди.
Кечээ, 14-сентябрда көңүл жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында Эрназар Акматалиев Париж Олимп оюндарында жеңилип калган венгриялык Исмаил Мусукаев менен күрөштү. Кыргызстандык спортчу аны 14:4 эсебинде жеңип, реванш алды. Коло медаль үчүн болгон таймашта Эрназар Акматалиев армениялык балбан Арман Андреасян менен беттешип, жеңди.