Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү

FS 70kg Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча спортчу Эрназар Акматалиев UWW эл аралык күрөш федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг Түркиядагы биринчи Ranking Series турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Стамбулда өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турниринде Акматалиев 70 килограмм салмакта күч сынашып, чейрек финалга чыккан. Эми Акматалиевдин эсебинде 45520 упай бар, бул дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди. Буга чейинки рейтингде кыргызстандык 2-орунду ээлеген.