Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи

FS 70kg - Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи. Жаңыланган рейтинг Монголияда өткөн Азия чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Акматалиев эркин күрөш боюнча мелдешке 70 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Буга чейинки рейтингде кыргызстандык 1-орунду ээлеген.