Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмак категориясында Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшөт.
Бүгүн, 14-сентябрда көңүл жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында Эрназар Акматалиев Париж Олимп оюндарында жеңилип калган венгриялык Исмаил Мусукаев менен күрөштү. Кыргызстандык спортчу аны 14:4 эсебинде жеңип, реванш алды. Коло медаль үчүн болгон таймашта Эрназар Акматалиев армениялык балбан Арман Андреасян менен беттешет.
Финалдык кармаштар Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.