Эрназар Акматалиев UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Буга чейин ал 3-орунда болгон.
Спортчу Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунду ээлеп, 5200 упай топтогон. Азыр анын 50200 упайы бар жана 70 килограммга чейинки спортчулар арасында дүйнөлүк рейтингде 1-орунда.