Эртең Кыргызстан менен Ирандын футболдук беттеши болот. Кайдан көрсө болот?

Эртең, 5-сентябрь күнү саат 20:00дө Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында бардык футбол күйөрмандары үчүн Иран жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин бирге көрүүгө фан-зона уюштурулат.

Ак шумкар курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын баштайт. Иш-чарага кирүү акысыз.