«ЕВРО-2020»: Англия финалга чыкты

«ЕВРО-2020» уланууда. Бүгүн түндө жарым финалдык оюндардын дагы бири орун алып, анда Англия курама командасы Данияны 2:1 эсебинде утуп алды. Ошентип, Англия турнирдин финалына чыкты. Финалда англиялыктар Италия менен беттешип, чемпиондук үчүн ат салышат.

Голдор: Дамсгор (30), Кьер (39 автогол), Кейн (104).

Финал 11-июлда болот.