“ЕВРО-2020”. Чейрек финалга кайсы курама командалар чыкты?

Учурда Европанын бир катар шаарларында Европанын футбол боюнча чемпиондугу өтүүдө. 19 күндөн бери уланып жаткан турнирдин чейрек финалына төмөндөгү курама командалар чыкты:

Бельгия — Италия (2-июль);

Швейцария — Испания (2-июль);

Украина — Англия (3-июль);

Чехия — Дания (3-июль).

Европанын футбол боюнча чемпионаты былтыр жайында өтмөк, бирок коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.