«ЕВРО-2020»: Италия Англияны жеңип, чемпион аталды

Бүгүн түндө «Евро-2020» чемпионатынын финалы Лондондун «Уэмбли» стадионунда орун алып, анда Италия жана Англия курама командалары беттешти.

Оюндун негизги убактысы  1:1 эсеби менен аяктап,  кошумча убакытта да эсеп алмашкан жок. Ошентип, пенальтилер сериясы орун алып, анда 3:2 эсебинде каршылашын утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Муну менен Италия өз тарыхында экинчи ирет ЕВРО турниринде чемпион аталды.

Гол ээлери:

Шоу (2),  Бонуччи (67)