«ЕВРО-2020»: Италия финалда

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун алгачкы жарым финалдык беттеши бүгүн, 7-июлга караган түнү орун алып, анда Италия менен Испания курама командалары беттешти. Матчтын негизги убактысы 1:1 эсеби менен аяктап, пенальтилер сериясында Италия курама командасы Испанияны 4:2 эсебинде жеңип алып, финалга жолдомо алды.

Гол ээлери: Кьеза (60-мүнөт), Мората (80-мүнөт).

Италия курама командасы финалда Англия же Дания менен беттешет.