ЕВРО-2024. 90-мүнөттөгү жеңиш. Англия финалга чыкты

11-июлга караган түнү Германиянын Дортмунд шаарында футбол боюнча Европа чемпиондугунун дагы бир жарым финалдык оюну Нидерланддар менен Англия курама командаларынын ортосунда өттү. Эсеп 7-мүнөттө нидерланддык Хави Симонс тарабынан ачылды. Андан кийин 18-мүнөттө Англия эсепти теңеди. Гол ээси Гарри Кэйн. Оюндун 90-мүнөтүндө англиялык Олли Уоткинстин каршылашынын дарбазасына тепкен тобу ийгиликтүү болуп, эсеп 1:2ге айланды да, Уоткинс командасын финалга алып чыкты.

15-июлга караган түнү Англия финалда Испания менен ойнойт.