ЕВРО-2024. Жарым финалисттер аныкталды

6-7-июль күндөрү ЕВРО-2024 турниринин алкагында чейрек финалдык оюндар Испания — Германия, Португалия — Франция, Англия — Швейцария, Нидерланддар — Түркия курама командаларынын ортосунда өттү. Алгач “Финалга тете” деп бааланып жаткан Испания — Германия беттеши орун алды. Негизги убакытта эсеп 1:1 менен аяктап, экстра-таймдын акыркы мүнөтүндө испандар эсепти 2:1ге өзгөртүп, жарым финалга жолдомо алды. Ал эми чемпиондук өткөрүп жаткан Германияга ЕВРО-2024 “ауфидерзейн” деди. Ошол эле күнү Португалия Франция менен беттешти. Бул оюн да негизги убакытта тең чыгуу менен (0:0) аяктап, овер таймга жетти. Эсеп өзгөрбөй, пенальтилер сериясы орун алды. Криштиану Роналду баш болгон Португалия Жоау Феликстин киргизе албай калган пенальтисинен улам жеңилүүгө (3:5) дуушар болду. Франция да жарым финалда.
Кечээ түнү Англия менен Швейцария беттеши өтүп, анда 75-жана 80-мүнөттө эки команда бири-биринин дарбазасына бирден гол киргизип, бул беттеш да 120 мүнөткө созулду. Кошумча 30 мүнөттө да эсеп өзгөрбөй, футбол сүйүүчүлөр бул чейрек финалдык оюндардын дагы бир пенальтилер сериясын көрдү. Мында Англияга ийгилик жылмайды (5:3). Гарет Саутгэйттин командасы жарым финалда.
Чейрек финалдагы акыркы оюн Нидерланддар менен Түркия курама командаларынын ортосунда өттү. Эсеп 2:1. Нидерланддыктар жарым финалга чыкты.
Жарым финалдык оюндар 10-11-июль (Бишкек убактысы) күндөрү өтөт. Анда Испания менен Франция, Англия менен Нидерланддар финалга чыгуу үчүн беттешет.