ЕВРО-2024. Плей-офф баскычына чыккан курама командалар аныкталды

Кечээ, 26-июнда ЕВРО-2024 футбол боюнча чемпиондугунун тайпалык этаптагы оюндары жыйынтыкталды.

1/8 финалдык оюндардын графиги (Бишкек убактысы боюнча):
• Швейцария — Италия (29.06 саат 22:00)
• Германия — Дания (30.06 саат 01:00)
• Англия — Словакия (30.06 саат 22:00)
• Испания — Грузия (01.07 саат 01:00)
• Франция — Бельгия (01.07 саат 22:00)
• Португалия — Словения (02.07 саат 01:00)
• Румыния — Нидерланддар (02.07 саат 22:00)
• Австрия — Түркия (03.07 саат 01:00)

Чейрек финалдын оюндары (Бишкек убактысы боюнча) 5-6-7-июль күндөрү өтөт. Жарым финалдык оюндар 10-11-июль, финал 15-июль 01:00дө башталат.