ЕВРО-2024. Түркиялык футболчу ишараты үчүн 2 беттештен четтетилди

2-июлда ЕВРО-2024 футбол боюнча чемпиондугунун алкагында 1\8 финалдык беттештердин кезектеги оюнунда Австрия жана Түркия курама командалары беттешти.

Эсеп түркиялыктардын пайдасына 2:1 менен аяктап, аталган курама команда чейрек финалга жолдомо алды. Оюнда каршылаштарынын дарбазасына 2 гол киргизип, өлкөсүн кийинки этапка алып чыккан футболчу Мерих Демирал экинчи голун киргизгенден кийин Түркияда “Бозкурт” уюмунун символу болгон “көк карышкыр” белгисин колу менен көрсөткөндүгү үчүн келерки эки оюндан четтетилди. “Бозкурт” 2019-жылдан бери Австрияда тыюу салынган кыймыл. Бул тууралуу немис басылмасы Bild маалымат таратты.

Демирал эртең, 6-июлда Берлинде өтө турган Нидерланддар – Түркия беттешине катышпайт. Эгер Түркия эртеңки оюнду утуп ала турган болсо, бул оюнчу жарым финалдык оюнга да катыша албай калат.