Евро-2024тө сенсация! Грузияда түнү эч ким уктаган жок

Кечээ, 26-июнда ЕВРО-2024түн тайпалык баскычтагы оюндарынын акыркы беттештери өтүп, плей-офф баскычына чыккан 16 курама команда аныкталып бүттү.

F тайпасында оюн көрсөткөн дебютант Грузия менен абсолюттук фаворит Португалиянын ортосундагы беттеш 2:0 менен грузиялыктардын пайдасына жыйынтыкталып, бул жеңиш аларды 1\8 финалдык баскычка алып чыкты. Бул тайпада 6 балл менен алдыда Португалия жана Түркия. 3-орунду 4 балл менен Грузия ээлесе, 1 балл алып акыркы орунда калган Чехия курама командасы турнирден четтетилди.

Грузия өз тарыхында быйыл биринчи жолу Европанын футбол боюнча чемпиондугуна катышууда. Катышуу тургай, плей-офф баскычына чыгып кеткен грузиялык футболчулардын бул ийгилиги жергиликтүү калк үчүн кубанычтуу кабар болду. Финалдык ышкырыктан кийин Грузиянын шаарлары – майрамдык “чууга” бөлөндү. Интернетте тараган видеолордон унаалардан берилген сигналдарды угуп, “Грузия, алга” деген кыйкырыктарды, атылган салюттарды, желек көтөргөн жергиликтүү тургундарды көрүүгө болот.

Грузия 1-июлда (Бишкек убактысы боюнча) саат 01:00дө дагы бир фаворит аталган Испания курама командасы менен беттешет.