Эже-сиңди Шевченколор UFC’нин соңку беттешинен 300 миңден ашуун доллар гонорар алышты

Эже-сиңди Шевченколор UFC’нин соңку беттешинен 300 миңден ашуун доллар гонорар алышты. Валентина Шевченко жеңиши үчүн 260 миң доллар алса, Антонина Шевченко жалпы 174 миң доллар гонорарга ээ болду.

22-ноябрда Америка кошмо штаттарынын Лас-Вегас шаарында өткөн беттеште UFC мушкери Валентина Шевченко чемпиондук курун кайрадан сактап калган.

Антонина Шевченко техникалык нокаут менен атаандашын жеңип алган.