Фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө кубогуна катышат

Фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасы Татарстанда өтө турчу Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 19-23-март күндөрү Татарстандын Казань шаарында өтөт. Анда өлкөнүн намысын төмөнкү спортчулар коргошот:

1. Даанышман Жумабай уулу;

2. Нурлан Кулуев;

3. Жоодат Есеналиев;

4. Илим Бакытбек уулу;

5. Камиля Абдыл-Хамитова;

Аталган мелдешке спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.