«Финалда утканга аракет кылабыз». Манас Ниязов оюндар тууралуу комментарий берди

Бишкекте көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары өтүп жатат. 19-мартта «Достук» «Мурасты» жеңип, финалга чыкты. Эми финалда «Достук» өз тайпасын жеңип чыккан «Ынтымак» менен беттешет. Көк бөрүчү Манас Ниязов өтүп жаткан оюндардын, турнирдин кызыктуу болуп жатканын билдирди.

Ал ошондой эле финалдык беттеште каршылаштарын жеңүүгө аракет кылышарын айтты.