Футбол: 1-таймда Кыргызстан да, кытайлык Тайбэй да эсеп санын ача алган жок

Бүгүн, 21-март күнү Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раунду алкагында кытайлык Тайбэй менен оюнда кез келди. Беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өтүп жатат.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда тең эсеп сандарын ача алышкан жок. Калыстар беттешке кошумча 1 мүнөт беришти, бирок ал эч нерсени өзгөртө алган жок.

Комментаторлор оюн жай өткөнүн, буга өлкөдөгү абанын нымдуу болушу себеп болушу мүмкүн экенин да айтып жатышты.