Футбол: 25-мартта Кыргызстан менен Катар беттешет

2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи раунду алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия Кубогуна чыккан.

25-мартта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет. Оюн борбор калаанын башкы аренасы – Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, саат 18:00дө башталат.

Бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.

Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Кошумча маалымат: Бул күнү күйөрмандар оюнга гана күбө болбостон, чыныгы кыргыз маданиятынын атмосферасын сезе алышат. Андан тышкары, Рамазан айына туш келген бул майрамда көрүүчүлөр стадиондо ооз ачып, акысыз даам тата алышат.