Футбол: «Абдыш-Ата» Түркмөнстандын «Алтын-Асыр» командасын жеңди

Кечээ, 30-ноябрда АФК Кубогунун тайпалык этабынын 5-турунун алкагында “Е” тайпасында (Борбордук зона) ата мекендик “Абдыш-Ата” клубу конокто түркмөнстандык “Алтын-Асыр” менен беттешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. 

Жолугушуу 4:2 эсебинде «Абдыш-Атанын» ири жеңиши менен аяктады.

Тайпалык баскычтын финалдык турунун алкагында «Абдыш-Ата» командасы 14-декабрда Өмүрзаков атындагы стадиондо Мерв (Түркмөнстан) командасы менен беттешет.