Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстан менен Катардын курамаларынын беттеши башталды.
Беттешти малайзиялык калыстар тобу тейлейт. ФИФА калысы Насаруддин Мухаммад Назми калыстар бригадасын жетектесе, ал эми каптал сызыктарда Халил Тан Мухамад Зайрул жана Зайнал Абидин Мухаммад Му Ази жардам беришет. Ошондой эле, Туан Мохд Ханафиах резервдик арбитр болуп дайындалды. VAR-системасында дагы кытайлык адистер Фу Минг жана Жин Жуян иштешет.