Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандап алуудагы Кыргызстандын калган оюндары Японияда өтөт

2022-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия кубогуна тандап алуу оюндары борборлоштурулуп өткөрүлөт. Мындай чечим Азия футбол конфедерациясы тарабынан кабыл алынды.

Борборлоштурулган оюндар Кытай, Кувейт, Бахрейн, Сауд Аравия, Катар, Япония, БАЭ жана Түштүк Кореяда өтмөкчү.

Кыргызстан катышкан “Ф” тайпасынын оюндары 31-майдан 15-июнга чейин Японияда өткөрүлөт.

Кыргызстан курама командасынын оюндарынын жадыбалы:

7-июнь (дүйшөмбү):
Кыргызстан- Монголия

11-июнь (жума):
Мьянма — Кыргызстан

15-июнь (шейшемби)
Япония — Кыргызстан