Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу. Англия менен Ирандын беттеши 117 мүнөткө созулду

«2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунда Англия менен Ирандын беттешинин биринчи жарымы кошумча убакыт берилип, 59 мүнөткө созулду. Оюндун калысы Рафаэль Клаус  кошумча 14 мүнөт кошууну чечкен. Бул дүйнөлүк чемпионаттын рекорду». Бул тууралуу sport-express.ru басылмасы жазды.

Буга Ирандын улуттук курама командасынын Алиреза Бейранванд аттуу дарбазачысынын оюнчу менен сүзүшүп, көпкө чейин тура албаган жаракаты себеп болгон. Дарбазачы мурду сынып, бирок алмашуудан баш тарткан. Аны көпкө чейин эсине келтирип, медициналык процедуралар жүргүзүлүп, жаңы свитер берилди.

Бейранванддын жаракат алган эпизоду 8-мүнөттө болуп, 15-мүнөттө гана оюн кайра уланды, бирок бир мүнөттөн кийин Бейранванд газонго отуруп, жаңсоо менен алмаштырууну суранды. Дарбазачыны замбилге салып алып кетишти. Жалпысынан дарбазачынын жаракатынан улам оюн 8-9 мүнөткө токтотулду.

Экинчи таймда Рафаэль Клаус 10 мүнөт кошуп берди. Алардын мөөнөтү бүткөндө, кайталоону көрүп, ал британиялыктарга каршы пенальти дайындады. Жыйынтыгында командалар негизги убакыт аяктагандан кийин 13 мүнөттү талаада өткөрүштү.