Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу. Эквадор Катарды жеңди

Футбол боюнча Эквадор курама командасы 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугун жеңиш менен баштады.

“А” тайпасынын биринчи айлампасында өткөн беттеште түштүк америкалыктар мелдештин кожоюндары менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Эки голду тең Эннер Валенсия киргизди. Оюндун 3-мүнөтүндө эквадордуктун дагы бир голу офсайд абалынан улам калыстар тарабынан жокко чыгарылды.

21-ноябрда А жана В тайпаларында 1-турдун беттештери өтөт.