Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу. Франция финалда

Франциянын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун экинчи финалисти болду.

Жарым финалдык беттеште француздар Марокко курама командасы менен беттешип, оор беттеште жеңишке жетишти. Оюндун 5-мүнөтүндө француз коргоочусу Тео Эрнандес оюнда эсепти ачса, андан кийин Оливье Жиру бир нече жакшы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай, бир жолу дарбазага сокку узатты, бирок топ штангага тийип калды. 

79-мүнөттө француздар экинчи голду киргизип, жеңишти алып кетишти. 18-декабрда финалда Франция менен Аргентина беттешсе, 17-декабрда Хорватия менен Марокко коло байге үчүн ойнойт.