Футбол боюнча курама команданын капитаны: «Биз турнирдик жадыбалдагы ордубузду өзгөрттүк»

«Беттеш абдан оор болду, каршылаш көнбөдү, талаанын ар бир бөлүгүндө айыгышкан күрөш жүрдү, бирок биз алардын чабуулуна туруштук берип, жеңдик. Биз турнирдик жадыбалдагы ордубузду өзгөртүп, күйөрмандарды кубандырдык – бул эң башкысы деп ойлойм». Бул тууралуу оюндан кийин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны, беттештин мыкты оюнчусу Валерий Кичин билдирди.

2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагындагы «А» тайпасынын жаңыланган турнирдик жадыбалын сүрөттөн көрсөңүз болот. Курама кийинки беттештерин ноябрь айында, БАЭге каршы (14-ноябрь) конокто жана Иранга каршы (19-ноябрь) үйдө өткөрөт.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицындын айтымында, Түндүк Корея курамасы татаал бир оюн көрсөттү. «Бирок старттан гол киргизип, ал оюндун жыйынтыгы алдын алды. Жыйынтык бизди кубандырат жана мындан ары да даярдыгыбызды улана беребиз», — деди ал.

Кечээ, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы 1:0 эсеби менен Түндүк Кореяны жеңди. Жалгыз голдун автору Християн Браузман болду.