Футбол боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы эл аралык турнирде 3-орунду алды

CAFA U-18 Women’s Championship мелдешиндеги оюндары аяктап, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кыздар курамасы 3-орунду алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча курамалар төмөндөгүдөй орундарга жана упайларга ээ болушту:
1-орун — Иран (9 упай);
2-орун — Өзбекстан (4 упай);
3-орун — Кыргызстан (4 упай);
4-орун — Тажикстан (0 упай).
Өзбекстан курамасы голдордун айырмачылыгы боюнча Кыргызстан курамасын озуп өттү. Турнирдин «Fair play» сыйлыгы Кыргызстан курамасына тапшырылды. Андан сырткары мелдештин акыркы Тажикстан — Иран оюнунда калыстык кылган — Малика Кадырова менен Керемет Исмаилова атайын сыйлыктарга ээ болушту.