Футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы Тажикстандагы турнирге катышат

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы Тажикстанда өтүүчү жаштар турнирине катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы CAFE U-17 Championship 2023 турнирине катышат. Турнир 18-28-август күндөрү Тажикстандын Гиссар шаарында өтөт. Кыргызстандык жаш футболчулар Ооганстан, Өзбекстан, Иран жана Тажикстан курамалары менен беттешет.