Футбол боюнча улуттук курама ФИФАнын ТОП-100 катарына кайтты

Бүгүн, 4-апрель күнү ФИФАнын сайтында футбол боюнча улуттук курамалардын жаңыланган рейтинги чыкты.
Ага ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы 4 позицияга абалын жакшыртып, 100-орунду ээледи. Кураманын капчыгында 1213,6 упай бар. АФК зонасында курама 17-орунда.