Футбол боюнча улуттук курама команда ноябрдагы беттештерге даярдыгын баштады

2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы 14-ноябрда БАЭ менен (конокто), ошондой эле 19-ноябрда өз оюн талаасында Иран курамасы менен беттешет.
Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында, Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 6-ноябрдан тартып Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Даярдык аяктагандан кийин команда биринчи беттешке катышуу үчүн 12-ноябрда Абу-Дабиге бет алат. Пландаштырылган окуу-машыгуу жыйынына чакырылган оюнчулардын курамы жакынкы маалда жарыяланат.