Футбол боюнча улуттук курама командага жаңы башкы машыктыруучу келди

46 жаштагы орусиялык адис Максим Лисицын футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Ал курама команданы сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына даярдайт.

Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы Кыргыз Республикасынын U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, адис Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Кечээ күнү, 13-июнда Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитети Лисицындын талапкерлигин бекиткенден соң, КФБнын президенти Камчыбек Ташиев кураманын жаңы башкы машыктыруучусу менен жолукту. Ал команданын жаңы устатына ийгилик каалап өтүп, анын жетекчилиги алдында курама командабыз жаңы максаттарга жетет деген ишеничин билдирди.

Кыргыз футбол биримдиги менен жаңы башкы машыктыруучу ортосундагы келишим бир жылга эсептелинген. Максим Лисицын Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт.

Буга чейин Штефан Тарковичтин 14 айга созулган башкы машыктыруучу катары мөөнөтү аяктаганы жана ал узартылбай турганы маалымдалган.