Бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстан курама командасы менен беттешет. Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да CAFA Nations Cup турниринин тайпалык этабынын 3-турунун матчы Ташкенттеги (Өзбекстан) Олимпиадалык стадиондо өтөт.
Эки раунддун жыйынтыгы менен Кыргызстан курамасы 1 упайга ээ болуп, турнирдик таблицада А тайпасында 3-орунда келе жатса, атаандашында 4 упай жана 1-орун бар.