Кечээ, 18-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ташкентке барды. Аларды аэропорттон Өзбек футбол ассоциациясынын жетекчилери тосуп алышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Эртең, 20-мартта Өзбекстандын «Бунедкор» стадионунда 2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын курамасы беттеш өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
20-мартта саат 19:00дө Эски аянтта Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде курама команданы колдоо үчүн фан-зона уюштурулат.
Сизди эмнелер күтөт?
Кирүү акысыз.